18-ноябрда 2025-жылы Айыл чарба факультетинин Студенттер кеңешинин өкүлдөрү тарабынан интеллектуалдык оюн уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага факультетибизден 12 команда активдүү катышып, студенттер өз билимдерин, логикасын жана биримдигин көрсөтө алышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:
1-орун — “Фитоаристократы” командасы
Билими, ырааттуулугу жана мыкты командалык өз ара аракеттенүүсү менен башкалардан озуп чыкты.
2-орун — “МР3” командасы
Күчтүү таймаш көрсөтүп, татыктуу түрдө күмүш орунга ээ болду.
3-орун — “Цербер” командасы
Туруктуулугу жана зиректиги менен айырмаланып, сыймыктуу үчүнчү орунга ээ болду.
Иш-чараны уюштурууга жана катышууга активдүүлүк көрсөткөн бардык студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)