2026-02-09

Айыл чарба факультетинде интеллектуалдык оюндун II айлампасы өткөрүлдү


2026-жылдын 5-февралында Айыл чарба факультетинде студенттер үчүн интеллектуалдык оюндун II айлампасы ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара Айыл чарба факультетинин Студенттик кеңеши тарабынан уюштурулду. Интеллектуалдык оюн студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, аналитикалык жөндөмдөрүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар ар түрдүү темалар боюнча даярдалган тапшырмалар аркылуу өз билимдерин жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Оюн визуализация, музыкалык саундтректер, Жер планетасы, өсүмдүктөр дүйнөсү, логика жана «Гарри Поттер» темалары боюнча өткөрүлдү. Иш-чара жандуу атмосферада өтүп, студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду.