Биздин факультетте ОсОО «Stewart Assay and Environmental Laboratories» (Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис) компаниясынын президенти, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыров Октябрин Алымбекович менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө профессор лабораториянын ишмердүүлүгү, техникалык жабдылышы, негизги иш багыттары жана көрсөтүлүүчү кызматтары тууралуу кеңири маалымат берди. Айрыкча лабораториялык изилдөөлөр, сапатты көзөмөлдөө жана экологиялык жана агрардык тармактарда колдонулган заманбап анализ ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Студенттер жана окутуучулар адистештирилген лабораториянын практикалык ишмердүүлүгү менен таанышып, кесиптик багыт жана келечектеги ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолоруна жооп алышты.
Мындай жолугушуулар студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө жана кафедра менен тармактык уюмдардын ортосундагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.
.jpeg)
.jpeg)
