2026-02-27

Факультеттин студенттери «АгроДиалог – 2026» форумуна катышышты


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган «АгроДиалог – 2026» иш-чарасы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өткөрүлдү.

Форум агрардык тармактагы инновацияларды жайылтууга, фермерлер менен адистердин ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. «АгроДиалог» аянтчасы өлкөнүн агрардык тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуучу маанилүү диалогдук платформа болуп саналат.

Иш-чарага факультетибизден төрт студент катышып, форумда өздөрүнүн илимий жана практикалык багыттагы иштери боюнча презентация жасашты. Форумга катышуу студенттерге өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштоого, тажрыйба алмашууга жана адистерден пайдалуу сунуштарды алууга мүмкүнчүлүк берди.