2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагында «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясынын катышуусу менен көчөт отургузуу боюнча экологиялык акция өткөрүлдү.
Иш-чара ректорлук имаратынын алдында жайгашкан аймакта факультеттин координациясы менен уюштурулду. Ага факультеттин студенттери, факультет жетекчилиги жана ректораттын өкүлдөрү активдүү катышышты.
Акциянын алкагында катышуучулар бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, университет аймагын жашылдандырууга жана жаштар арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга өз салымдарын кошушту.
Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана өнөктөш уюмдар менен кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.
.jpeg)
.jpeg)