2026-04-30

Факультетте III Айыл чарба студенттик конгресси өткөрүлдү


 

27-апрелде факультетте бүтүрүүчү студенттердин катышуусунда студенттик конгресс өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында 4-курстун студенттери өздөрүнүн дипломдук иштеринин жыйынтыктарын сунуштап, кесиптик даярдыгынын деңгээлин, илимий талдоо жөндөмдөрүн жана изилдөөлөрүнүн практикалык маанисин көрсөтүштү.

Баяндамачылардын чыгыштары талкуулар жана суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулардын билим деңгээлин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.

Студенттик конгресс окуу процессинин жыйынтыгын чыгаруу жана бүтүрүүчүлөрдүн илимий жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча болду.