2022-02-02

Кыргыз-Түрк Манас Унивеситети менен Агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кызматташтык пландалууда


Кыргызстан Агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директорунун орун басары Сейитбекова Бегайым 2022-жылдын 25-январында факультетибизге келди. Факультетибиздин деканы Проф. Др. Атилла Дурсун, Декан жардамчысы Проф. Др. Исмаил Эрпер жана Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн окутуучусу Проф. Др. Тинатин Дөөлөткельдиеванын катышуусунда мекемелердин иш-багыттары тууралуу маалыматтар берилип, келечекте чогуу иш алып баруу тууралуу талкууланды.

Кыргызстан Агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директорунун орун басары Сейитбекова Бегайым, ассоциация Кыргызстандын аймагында иштеген 60 тан ашык фирмалардан түзүлгөнүн белгилеп, ошондуктан айыл-чарба багытында билим берген алдыңкы окуу жайы катары Кыргыз-Түрк Манас Унивеситети менен кызматташтык маанилүү экендигин айтты.

Жыйын соңунда, эки тараптын ортосунда кызматташтык меморандумун тез арада иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.