2022-06-27

Чүй облусунун өсүмдүк өстүрүлгөн талаалары изилденди


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Айыл-чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү Коргоо бөлүмүнүн окутуучулары Чүй облусунун өсүмдүк өстүрүлгөн талааларын кыдырып, зыяндуу организмдердин таралуусуна байкоо жүргүзүштү.

Талааларды кыдыруу учурунда жүгөрү, тамеки, төө буурчак, буудай, арпа жана томат сыяктуу өсүмдүктөрдүн илдет, зыянкеч жана отоо чөптөрү байкоого алынып, дыйкан-фермерлер менен пикир алышуулар болду.