Жетекчиси: Айжаркын Эламанова

Instagram: @janyryk_club

Жаңырык" адабий клубу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын сунушу менен түркология бөлүмүнүн студенттери тарабынан 2006-жылы түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Студенттик кеӊештин астында студенттер биригип бир максаттуу иш алып барып келет.
Клубдун максаты — адабиятка идиректүү инсандардын башын бириктирип, анын өнүгүүсүнө салым кошуу.

Учурда замандаш акындар менен студенттерди жолуктуруп, жаштарды адабиятка тартуу максатында байма-бай поэзия кечелери уюштурулуп келет. Поэзия кечелерибиз бирде зал толо өтсө, кээде тоо койнуна чыгып табият менен поэзияны айкалыштырып, эстетикалык ырахат тартуулоого далалат кылып келебиз.

Эне тилибиздин баалуулугун, салтын, ырларын, маданиятын таанытуу максатында 21-февраль эл аралык эне тил күнүн утурлай “Кыз-жигит сармерден” оюнун уюштуруп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган клубдардын бири болдук.

    Социалдык медиада бөлүшүү