Салам! Биз — Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика клубу!
Бизди бириктирген максат — өзүн-өзү өнүктүрүү, экономиканы терең үйрөнүү жана бирге өсүү!

  • Бул жерде биз үйрөнөбүз, идея бөлүшөбүз жана чоң ийгиликтерге жол түзөбүз. 
  • Туруктуу жолугушуулар — тимбилдингдер өткөрөбүз, бири-бирибизге түшүнүк оор болгон темаларды жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, экономиканы бирге үйрөнөбүз.
  • Профессионалдар менен ивенттер жана мини-тренингдер уюштурабыз — чыныгы тажрыйба менен байланыша турган мүмкүнчүлүк!
  • Тимбилдингдерде жагымдуу убакыт өткөрүп, жаңы таанышууларды түзүп, нетворкингди өнүктүрөбүз 

Бизге кошул! Бирге пайдалуу да, кызыктуу да убакыт өткөрөлү! 

Клубдун президенти: Айгин Кадырбаев

    Социалдык медиада бөлүшүү