Клуб жетекчиси: Кенжегүл Акылбекова
Инсандык өнүгүү бирикмеси 2013-жылы 13-мартта Аязбек Атамкулов тарабынан негизделген.
12 жылдын ичинде ушул жетекчилердин, ыктыярчылардын аркасында азыркы убакытка чейин активдүү иш алып барып келе жатат. Эмне үчүн инсандык өнүгүү?
Инсандык өнүгүү — бул адамдын жеке сапаттарын, акыл-эси, руханий дүйнөсү, адеп-ахлактык жана коомдук жоопкерчилигин ар тараптуу өнүктүрүү процесси. Башкача айтканда, инсандык өнүгүү — бул өзүн таанып-билүү, өзүн өркүндөтүү жана коомго пайда алып келүү жолундагы үзгүлтүксүз аракет. Клубдун максаты дагы адамдардын руханий жактан, акыл-эстин, эмоционалдык, физикалык жана коомдук өнүгүүсүнө түрткү берүү. Адамдар менен туура мамиле түзүү, лидерлик, жоопкерчилик, жарандык активдүүлүктү үйрөнүү болуп эсептелет.
Азыркы учурда 5 багытта иш алып барат.
Биз буга чейин китеп конкурстарды, интеллектуалдык оюндарды, семинарларды, жаратылыш койнундагы эс алууларды, кайрымдуулук иш чараларды, ысык чай акцияларын өткөрүп келдик.