Клуб жетекчиси: Азамат кызы Элеонора
Instagram: @oilonshow_intellectclub
"Ойлоншоу" интеллектуалдык клубу 2014-ж Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенти Абдурахман Сулайманов тарабынан негизделген.
Клубдун максаты жана пайдалары:
1. Студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, эрудициясын, эс тутумун жана чыгармачылык жөндөмүн өрчүтүү. Ошондой эле оюндар билимди тереңдетүүгө, жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө, кызыктуу форматта баарлашууга шарт түзөт жана жеке инсандык өнүгүүнү гана эмес, командалык иштешүүнү да жакшыртат.
2. Cабактан тышкаркы бош убакытты кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү.
3. Факультеттер аралык ынтымакты бекемдөө.
4. Студенттердин коомдук ишмердүүлүгүн арттыруу, интеллектуалдык чөйрө куруу.
2025-жылы клуб тарабынан региондордо мектеп окуучулары арасында интеллектуалдык оюндар уюштурулду.