2023-04-27


Коммуникация факультетинде “Карьера күнү” өткөрүлдү


25-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери үчүн “Карьера күнү” жарманкеси уюштурулду.

 

Иш-чарага проректор, декан, профессор, доктор Мехмет Сезаи Түрк, факультеттин академиялык жамааты жана компаниялардын өкүлдөрү катышты.

 

Университеттин кинозалындагы саамалык факультеттин таанытуу тасмасы менен башталды. Ачылыш сөзүн сүйлөгөн декан Мехмет Сезаи Түрк өз сөзүндө: “Бүгүнкү иш-чарабыз 3-4-курс балдардын окууну аяктагандан кийин ишке орношуусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Адатта, университеттер, ишканалар же жумуш издөө борборлору өткөргөн карьера күнү студенттер үчүн абдан пайдалуу. Анткени, алар сектор дүйнөсү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Аны менен катар резюме даярдоо жана интервью ыкмалары боюнча семинарлар жумуш издөө процессинде өздөрүнө болгон ишенимди арттырат. Андыктан, бүгүнкү күн жемиштүү болуп, максималдуу пайда көрөсүңөр деп ойлойм”, - деп билдирди.

 

Андан кийин SUPER.KG порталынын редактору Бек Оморбеков “Социалдык медиадагы ишмердүүлүк”, Германия эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) өкүлү Гүлайым Шыгайбаева “Резюме жазуу жана интервью ыкмалары” темасында студенттерге семинар өттү. Ал эми радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Тыныстан Темиржан уулу телерадио тармагындагы кесиптердин актуалдуулугу боюнча ойлору менен бөлүштү.

 

Жарманкеде Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК), “Шератон Бишкек” ишканасы, “Демир” банкы, Германия эл аралык кызматташтык уюму, “Манас”, “Кутбилим” жана “Супер-Инфо” гезиттери иш тажрыйбалары тууралуу кеп кылып, кызмат орундарына койгон талаптары менен тааныштырышты.

 

Карьера күнү студенттердин кызыктырган суроолорго жооп алуусу менен коштолду. Иш-чаранын соңунда жумуш берүүчү компанияларга ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Эрлан Бектен уулу