2021-11-08


Социалдык тармактардын коомчулукка тийгизген таасири


2019-12-04

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммункация факультетинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев конокто болду. Бул иш чара 25 ноябрь 2019 саат 10:00 Коммуникация факультетинин Кинозалында өткөрүлдү. Иш чаранын алкагында учурдагы интернет айдыңындагы «фэйк», «тролль», «хайп» сыяктуу көрүнүштөр боюнча сөз болду. Дастан Бекешев өлкөнүн медиасында бул түшүнүктөр кеңири тараганын жана азыркы чакта интернет айдыңында бул көрүнүштөр соц.тармак колдонуучулар тарабынан абдан көп колдонулуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, азыркы кезде “фэйк” маалыматтарды чын маалыматтан айырмалап, массалык маалымат каражатарынан маалымат алганда, бир канча булак аркылуу, маалыматты таразалап алуу жөндөмүн ар бир жаран тарабынан өнүктүрүлүшү керек. Жолугушуунун жыйынтыгында Дастан Бекешев студенттери чогуу кызматташууга чакырды жана алардын идеялар менен кайрылуусун, практика топтоо маселеси да каралаарын билдирди. Иш чарага Коммуникация факультетинин студенттери жана эмгек жамааты катышты.