2021-12-22


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн “Багыт берүү программасы” уюштурулду.


2021-жылдын 17-декабрында факультеттин кинозалында өткөн программада коммуникация  факультетинин деканынын орун басары Проф. Док. Мехмет Сезайи Түрк ачылыш сөзүн сүйлөп, факультеттин студенттеринин абдан маанилүү миссиясы бар экенин, өсүп келе жаткан Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү экенин белгилеп өттү.

Программада бөлүмдөр тууралуу тааныштыруу тасмасы көрсөтүлүп, окутуучулар менен тааныштырылгандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн студенттер менен ийгилик сырлары жана тажрыйба бөлүшүүлөрү менен уланды.

Салтанатта  КТМУнун Коммуникация факультетин бүтүрүп, аталган факультетте окутуучулук кесибин аркалап жаткан профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Аталган иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программадан соң, чогуу сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.