2021-12-06


“Манас” гезитинин студенттеринен кайрымдуулук


2021-жылдын 3-декабрында Университетибиздин “Манас” гезитинин студенттери Кенже илимий кызматкер Зеки Окйайдын баштоосунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майрамы менен куттуктоо үчүн “Януш Корчак” атындагы реабилитацялык борборго барышты.

Бул борбордун окуучулары тарабынан келген конокторго чакан концерт уюштурулду. Көңүлдүү иш-чарага башка окуу жайдын да студенттери жана октуучулары катышты.

Программанын жүрүшү ар кандай шаңдуу ырлар, бийлер жана куттуктоолор менен коштолду.Окуучулар өз мүмкүнчүлуктөрүнүн чектелгенине карабастан таланттарын ар тараптуу ачып беришти. Мындан сырткары алар көп убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келишет.

Программанын жыйынтыгында реабилитациондук борбодун окуучусу ошондой эле Манас гезитинин каарманы Халикова Маликага гезиттин жаңы нускасы белекке берилди. Андан тышкары башка окуучуларга студенттерибиз тарабынан атайын белектер тапшырылды. Аны менен бирге каалоо-тилектер айтылып, концерт шаңдуу маанайда сүрөткө түшүү менен аяктады.