2022-03-02


Манастын студенттери "КМШнын мыкты студенти" аталды


2022-жылдын 17-20-январь аралыгында Казакстандын борбору Нур-Султанда студенттердин эл аралык бирикмесинин колдоосу менен Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөрдүн мыкты студенттерин аныктоо максатында "Бобек" улуттук кыймылы" (КМШ коомдук  гуманитардык жана техникалык илимдер конкурсун уюштуруу борбору) студенттердин керектүү документтерин кабыл алды. Кабыл алынган документтер боюнча "Мыкты студент" наамына татыктуу болгондорго сыйлыктар ыйгарылды.

 

Аталган сыйлыкка Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин доц., доктору Ниязи Айхандын жетекчилигине даярдалган 4 студентибиз татыктуу болушту. Алар: Коммуникация факултети журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Гүлдана Нурмухаммад кызы, Малика Нурланова, Бегимай Бейшембаева; Радио, телевидение жана киномотография бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Медина Базарбаева.

 

"Бобек" улуттук кыймылы" борборунун колдоосу менен уюштурулган "Мыкты студент" конкурсунда сыйлыкка ээ болуу үчүн  билим, искусство, спорт тармактарында ийгилик жараткан таланттуу студенттер, ар түрдүү уюмдун төрагалары жана активисттери өз талапкерлигин коюшкан.

 

КМШ өлкөлөрүнүн жеңүүчүлөрүнүн эмгектери "КМШнын эң мыкты студенти" китеп жыйнагынын төртүнчү санына жарыяланат.  2022-жылдын 3-мартында өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде китептин бир нускасы, атайын даярдалган "Мыкты студент" төш белгиси жана  I, II, III даражадагы дипломдор, аны менен бирге студенттердин илимий жетекчиси доц. док. Ниязи Айханга ыраазычылык барактары тапшырылат.

 

Белгилей кетсек,  былтыр дагы ошол эле КМШ өлкөлөрү тарабынан уюштурулган  "Мыкты студент" сынагында коммуникация факултетинин студенттери Малика Нурланова менен Мадина Базарбаева сыйлыкка ээ болушкан.

Алтынай Нурдинова