2022-04-29


Коммуникация факультетинде гендердик-теңсиздикти чагылдыруу боюнча семинар болуп өттү


2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде гендердик-теңсиздикти медиада чагылдыруу боюнча семинар болуп өттү.  Иш-чаранын спикерлери Кыргызстанда аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо багытында иш алып барган “Сезим” кризистик борборунун директору, юрист Бүбүсара Рыскулова жана журналист Сүйүн Курманова болушту.

 

Гендердик-теңчиликке жана социалдык адилеттүүлүккө жетүү үчүн зомбулукка кабылган кыз-келиндерге, үй-бүлө мүчөлөрүнө укутук жана психосоциалдык колдоо көрсөтүү  максатында Кыргызстандын булуң-бурчун түрө  кыдырышканын айткан спикерлер студенттерге өлкөбүздөгү үй-бүлөлүк зомбулуктун  масштабы жөнүндө кененирээк маалымат берип, мындай орчундуу маселени медиада туура чагылдыруу керектигин айтты.

  Сүйун Курманова өз сөзүндө буларга токтолду: “Үй-бүлөдөгү зомбулук сыртка көрүнбөгөн маселе. Аны коомго медиа ачык көрсөтүп, жабырлануучулардын укугун коргоого жалпыга маалымдоо каражаттары жардам бериши керек. Элде калыптанып калган стереотиптерден улам аялы күйөөсүнөн токмок жесе норма катары кабыл алгандар бар”.

Теманы улай, гендердик-теңсиздик маселелерин чагылдырган профессионалдуу журналисттердин жетишсиздигин   жана журналистиканын  бул тармагына кызыккандардын аз экенин  билдирген Б.Рыскулова журналистика бөлүмүнүн студенттери менен келечекте кызматташууга кызыктар экенин кошумчалады.