2022-04-29


Коммуникация факультетинде “Гендердик сезимтал журналистика” боюнча тренинг болуп өттү


     “Манас” университетиндеги коммуникация факультетинин, журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн  “Гендердик сезимтал журналистика” аталышындагы тренинг болуп өттү.  Семинардын спикерлери   Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндия Тышкы иштер министрлигинин “Кыргызстанда укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунунун мүчөлөрү Мээрим Бекешова жана Айзада Калканбекова  болушту.

 

Семинардын максаты студенттерди гендердик-сезимтал   журналистиканын терминалогиясы, гендердик стереотиптер, зомбулуктун түрлөрү менен тааныштыруу болду. Ошондой эле аталган көйгөйдү жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес чагылдырган учурлар мисалдардын негизинде көрсөтүлүп, этикалык эрежелерге ылайык туура чагылдыруу жолдору айтылды.

 

         Ушул эле университеттин бүтүрүүчүсү Айзада Калканбекова студенттерге  зомбулуктун масштабын иликтеп, статистикалар менен толуктаса, туура нукта жазылган салмактуу материалдар жараларын түшүндүрүп, зомбулукту медиада чагылдыруунун жаңыча ыкмалары менен бөлүштү.

Семинар интерактивдүү  оюндар менен уланып, суроо-жооптор менен аяктады.