2023-03-13


Журналистика бѳлүмүнүн студенти илимий конференцияда I орунду ээледи


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Коммуникация факультети Журналистика бюлүмүнүн 4-курсунун студенти Нурмухаммад кызы Гүлдана «Жашыл туруктуу өнүгүү жаштардын көзү менен» аттуу ЖОЖдор аралык конференцияда I орунду ээледи.

Аталган студенттердин илимий-практикалык конференциясы туруктуу өнүгүүнүн жашыл чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүдө студенттердин илимий кызыкчылыктарын илгерилетүү максатында 2023-жылдын 3-мартында   Кыргыз эл аралык университети тарабынан өткөрүлгөн.

Конференцияга жалпысынан Кыргызстандын университеттеринен 163 студент катышкан. Иш-чарада туруктуу өнүгүүнүн жана экологиялык укуктун статусу, заманбап коом: экологиялык көйгөйлөр, практикалык маселелерди чечүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу, туруктуу өнүгүү философиясы жана социалдык экология, туруктуу жашыл өнүгүүнүн тенденциялары: аймактык жана өлкөлүк мамилелер, Кыргызстандын экономикасы: заманбап шарттарда туруктуу өнүгүү курсу, туруктуу экологиялык өнүктүрүү, азыркы жаштардын эколингвистика маселелери, эл аралык мамилелердеги экологиялык аспектилер аттуу темалар каралган.

Коференциянын катышуучуларына 1,2,3-даражадагы дипломдор жана атайын сыйлыктар тапшырылган.