2023-03-23


“Жоогазындан” жемиштүү кайтышты


16-мартта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде биринчи жолу “Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү санариптик коммуникациялардын трансформацияланышы” аталышындагы эл аралык “Жоогазын” фестивалы болуп өттү. Буга чейин аталган иш-чарага Кыргызстандагы университеттер гана катышып келсе, бул жылы Казакстан жана Россиядан да студенттер онлайн түрүндө кошулуп, өздөрүнүн илимий докладдарын тартуулашты.

Жарнама жана PR тармагында билим алып жаткан студенттердин тажрыйбаларын  арттыруу максатында түзүлгөн “Жоогазын” фестивалы эки күнгө созулду. Алгачкы күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде уюштурулуп, ачылышы болду. Иш-чаранын аягында илимий докладдарын тартуулаган жалпы студенттерге сертификаттар тапшырылды. Катышуучуларга окуу жайдын “Медиаманас” студиясына экскурсия жүргүзүлдү. Ачылышта ТРТ Аваз тарабынан тартылган "Кызым үчүн"  аталышындагы документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Фестивалдын экинчи күнү 17-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КНУ) улантылды. Иш-чарада жарнама жана PR боюнча кейстик изилдөөлөр (белгилүү бир тармактык теманын багытында чечимдерди кабыл алуу), дебаттар өткөрүлдү. Жыйынтыгында катышуучулардын көргөзгөн илимий эмгектери жана тажрыйбалары окутуучулар тарабынан бааланып, дипломдор, ошондой эле атайын жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.  Университетибиздин студенттери байгелүү орундарга ээ болуп, жемиштүү кайтышты.

Ийгиликти багындырган студенттер:

-Алия Нурадилова, Самара Тынымсеитова I даражадагы диплом (илимий докладдын аталышы-“Санариптик коммуникациядагы жасалма интеллект: Chat Bot” мисалында).

-Алтынай Нурдинова, Мехрафруз Набиева II даражадагы диплом (илимий докладдын аталышы-“Санариптик доор: маалымат берүүдөгү өзгөрүүлөр”).

-Амангүл Ашырбаева, Сезим Кызайбекова I даражадагы диплом (илимий докладдын темасы-“Бийлик лидеринин социалдык тармакты колдонуусу Кыргыз Республикасынын президентинин мисалында”).

-Бейданур Кулак II даражадагы диплом (илимий докладдын аталышы-“Эффективдүү корпоративдик коммуникация катары санариптик медиа: «Манас» университетинин мисалында”).

-Бермет Иманалиева, Рахат Канатбекова III даражадагы диплом (илимий докладдын темасы “ Брендди алдыга жылдырууда медиа колдонуучуларынын ролу: Кыргызстандын мисалында”).

-Кейстик изилөө боюнча таймашта университетибиздин коомчулук менен байланыш жана жарнама реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери I даражадагы диплом, 30 миң сом акчалай сыйлык.

-«Дебат» номинациясында Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери кубоктун ээси болушту.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (КМУУ), Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ), Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Алтай мамлекеттик университетинин колледжи (АлтГУ), Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУ), М.Ф.Решетнев атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технология университети (СибМУ) катышкан эл аралык “Жоогазын” фестивалы ыр-бий коштогон майрамдык маанай менен аяктады. Эске салсак, бул фестивал 2017-жылы түзүлүп, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

                                        Алтынай Нурдинова, Мехрафруз Набиева