2023-04-19


Коммуникация факультетинин студенттерине «КМШнын эң мыкты студенти» сыйлыгы


Казакстандын борбору Астана шаарында эл аралык студенттер союзу менен биргеликте  «Улуттук  Бөбек» кыймылы (КМШ коомдук, гуманитардык жана техникалык илимдер боюнча сынактарды уюштуруу борбору) КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты студенттерин аныктоо максатында «Бөбек» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган сынак болуп өттү.Сынакка керектүү документтер жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан  2023-жылдын 10-мартына чейин жөнөтүлдү.

“КМШнын мыкты студенти-2023” сынагында билим берүү, искусство жана спорт тармагында ийгиликтерге жетишкен таланттуу студенттер, жетекчилер жана көптөгөн уюмдардын активисттери байге үчүн ат салышты.

Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин окутуучусу доц. док. Ниязи Айхандын жетекчилиги менен сынакка катышкан журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Нурмухаммад кызы Гүлдана жана ага окутуучу док. Топчугүл Нармаматованын жетекчилиги менен журналистика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Элиза Бекишова «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болду.

2023-жылдын 14-апрелинде Ишенаалы Арабаев атындагы университетте өткөн салтанатта Нурмухаммад кызы Гүлданага  «Эң мыкты студент» төш ​​белгиси жана биринчи орундун сертификаты, Элиза Бекишовага «Эң мыкты студент» төш ​​белгиси жана экинчи орундун сертификаттары ыйгарылды. Студенттерге кураторлук кылгандыгы үчүн  доц. док. Ниязи Айхан жана ага окутуучу док. Топчугүл Нармаматовага ыраазычылык  баракчасы тапшырылды.

Баса белгилей кетсек, 2022-жылдын мыкты студенттери деп, КТМУнун коммуникация факультетинин студенттери Гулдана Нурмухаммад кызы, Малика Нурланова жана Медина Базарбаева аталган эле.

Гулдана Нурмухаммад кызы

Элиза Бекишова