2023-07-05


Журналистика бѳлүмүнүн студентине эл аралык фестивалдан сыйлык


Казакстандын борбору Астана шаарында «Улуттук «Бөбек» кыймылы (КМШ коомдук-гуманитардык жана техникалык илимдер боюнча сынактарды уюштуруу борбору) жана Эл аралык студенттер союзу тарабынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин эң мыкты студенттерин аныктоо максатында сынак өткөрүлдү. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер 2023-жылдын 10-мартына чейин жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан сынакка жөнөтүлгөн.
“Мыкты студент-2023” сынагында билим берүү, искусство жана спорт тармагында ийгиликтерге жетишкен таланттуу студенттер, президенттер жана көптөгөн уюмдардын активисттери байге үчүн ат салышты.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин окутуучусу доц. докт. Ниязи Айхандын жетекчилиги менен катышкан журналистика бѳлүмүнүн 2-курсунун студенти Раяана Мамедова эң мыкты студенттик сыйлыкка ээ болду.

Аталган сынакка 2022-жылдын эң мыкты студенттери болуп КТМУнун Коммуникация факультетинин студенттери Гүлдана Нурмухаммад Кызы, Малика Нурланова жана Медина Базарбаева табылган.