2023-09-29


24.kg маалымат агенттигинин журналисттери КТМУда


Бүгүн, 27-сентябрда, коммуникация факультетинин 203-аудиториясында 24.kg маалымат агенттигин таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Анда агенттиктин башкы редактору Махинур Ниязова жана башкы редактордун орун басары Асель Жокеева 24.kgнин жалпы курамы, иштөө өзгөчөлүгү тууралуу кенен маалымат беришти.

Иш-чара болочок журналисттердин кесиби боюнча практикадан өтүүсүнө өбөлгө түзүү менен бирге каалоочуларды  аталган маалымат агенттигине ишке кабыл алуу максатында уюштурулду. Ага журналистика бөлүмүнүн 3 жана 4-курстарын студенттери катышты. Семинарда конок журналисттер студенттердин суроолоруна жооп берип, медианын учурдагы маселелери тууралуу маалыматтары менен бөлүшүштү.

Алтынай Нурдинова, Мехрафруз Набиева