2024-04-24


“Манас” гезити эми жаңы форматта ишин улантат


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетине тиешелүү болгон “Манас” гезити 2024-жылдын март айындагы санынан, тагыраагы 93-сандан тартып жаңы форматта өз ишин баштады. Гезит буга чейин 20 беттен туруп А4 форматында жарык көрүп келген болсо, жаңы саны 32 беттен туруп А3 форматында уланат.

 

“Манас” гезитинде негизинен студенттер жазган ар кандай жанрдагы жаңылыктар жана жалпы Түрк дүйнөсүнө тиешелүү макалалар жарыяланып келет. Мындан ары гезиттин көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу жаңылык жана макалалардын саны дагы да арбып, жаңы рубрикалар кошулду. Ошондой эле студенттердин практикалык гезити буга чейин университеттин кызматкерлерине гана таркатылып келсе, гезиттин бул жаңы форматындагы чыгарылыштары университеттен тышкары Кыргыз жана Түрк мамлекеттик мекемелерине дагы таркатуу максатын көздөөдө.

 

Эскерте кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетине тиешелүү болгон “Манас” гезити факультеттин студенттеринин теорияда алган билимдерин практикада бышыктоо үчүн, кесипке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана такшалтуу максатында 2001-жылдын 2-мартында ачылган. 

 

 

Айгерим Токтобекова