2024-06-04


Доц. м.а., докт. Гүлзада Станалиева КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды


2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиевага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин тиешелүү тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылды. Сыйлыкты төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев тапшырды. 

 

Белгилей кетсек, Гүлзада Станалиевага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 28-мартында доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган.

 

 

Айгерим Токтобекова