2024-11-25


“Кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж”


2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде кыргыз тилинин колдонуусун кеңейтүү жана өнүктүрүү максатында семинар уюштурулду. Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Окутуучулар тарабынан кыргыз тилинин учурдагы абалы, аны колдонуудагы көйгөйлөр жана өнүктүрүү жолдору тууралуу баяндамалар жасалып, кыскача сабактар өтүлдү.

 

Семинарды ага окутуучу, доктор Бакыт Орунбеков ачып, мамлекеттик тилдин улут үчүн орду жана баалуулугу тууралуу баяндама жасады. Ал тилдин келечеги анын колдонуучуларынан көз каранды экенин белгилеп: “Тил – улуттун жан-дүйнөсү. Аны сактап калуунун жолу – кеңири жана ар тараптуу колдонууда. Кыргыз тили коргоого эмес, күнүмдүк турмушта, иш кагаздарда, илимде, жана жашоо-тиричиликте активдүү колдонууга муктаж”, – деди.

 

Андан соң филология илимдеринин кандидаты, КТМУнун доценти Гүлзада Станалиева “Медиа тексттерин сабаттуу жана таасирдүү жазуу” темасында баяндама жасап, кыргыз тилинде жазуудагы негизги каталарга токтолду. Ал студенттерге туура жазуу жана ойду так берүү боюнча практикалык кеңештерди берди.

 

Семинардын жүрүшүндө доц.м.а, доктор Топчугул Нармаматова “Кырнеттеги социалдык тармактарда колдонулган жаңы терминдер” деген темада доклад жасап, социалдык медианын жаштардын тилине тийгизген таасирин талдады. Ал жаңы пайда болгон терминдердин кыргыз тилине кошкон салымы жана терс жактарын талкууга алды.

 

Иш-чаранын жыйынтыгында ага окутуучу, доктор Бакыт Орунбеков “Кыргыз китебинин тарыхый тамыры жана тагдыры” тууралуу баяндама жасады. Ал кыргыз жазмасынын тарыхына, китеп маданиятына токтолуп, ар бир адам кыргыз тилине жана улуттук баалуулуктарга өзгөчө мамиле кылып, аны күнүмдүк жашоосунда колдонуусу керектигин баса белгиледи.

Сезим Муканбет кызы