2024-12-20


Коммуникация факультетинин студентинен чоң ийгилик


Кыргыз-Түрк Манас университетинин (КТМУ) Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Маматова Кыргыз Республикасынын президентинин стипендиясына татыктуу деп табылды.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 16-декабрында өткөрүлгөн салтанатта өлкө боюнча ийгиликтерге жетишкен 90 студентке президенттик стипендияларды тапшырды.

Бул сыйлыкка 2023-2024-окуу жылынын алкагында илимий, чыгармачылык жана коомдук тармактарда жетишкен ийгиликтери үчүн Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Маматова да татыктуу деп табылды. Маматовага президент С.Жапаров тарабынан ардак грамотасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия ыйгарылды.

КТМУнун ректору проф. докт., Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор проф. докт., Алмаз Ибраев президенттик стипендиянын жеңүүчүсү Алина Маматованы ректораттын имаратында кабыл алышты. Жолугушууда проф. докт. Жейлан жана проф. докт. Ибраев университетибизди мыкты жетишкендиктери менен сыймыктандырган Журналистика бөлүмүнүн студенти Маматованы куттуктап, мындан аркы окуу жана кесиптик жашоосуна ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Маматова үстүбүздөгү жылы «КМШнын мыкты студенти», » Түрк мамлекеттеринин мыкты студенти» наамдарына татыктуу болгон. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, студентибизди куттуктап, окууларына  ийгиликтерди каалайбыз.