2025-01-10


Коммуникация факультетинин студенти «КМШнын эң мыкты студенти-2024» сыйлыгын алды


Казакстандын борбору Астана шаарында 2024-жылдын 21-декабрында «Улуттук Бөбек» кыймылы(КМШ коомдук, гуманитардык жана техникалык илимдер бренча сынактарды уюштуруу борбору) тарабынан уюштурулган «КМШнын эң мыкты студенти-2024» сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сынак КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты студенттерди аныктоо, алардын жетишкендиктерин колдоо жана таанытуу максатында өткөрүлөт. Сынакка документтер 2024-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынган.

 

Бул жылы сынакта билим берүү, искусство жана башка тармактарда ийгилик жараткан жаштардын арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Муканбет кызы Сезим да өзүнүн дараметин көрсөтүп, «КМШнын эң мыкты студенти-2024» наамына ээ болду. Анын куратору доц. док. Эрдоган Акман, ал эми бөлүм башчысы доц. док. Ниязи Айхан болду.

 

Белгилүү себептер менен Муканбет кызы Сезим Астанадагы сыйлоо аземине катыша алган жок. Бирок уюштуруучулар 2024-жылдын 28-декабрында Бишкекке келип, сыйлыктарды тапшырды. Салтанат Кыргызстандын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин имаратында өттү. Муканбет кызы Сезимге 1-даражадагы диплом, «Эң мыкты студент» төш ​​белгиси, күбөлүк жана статуэтка тапшырылды.

 

Баса белгилей кетсек, 2023-жылдын мыкты студенттери деп, Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн студенттери Гүлдана Нурмухаммед кызы, Элиза Бекишова, Райаана Мамедова жана Алина Маматова болгон.