2025-01-10
2024-жылдын 27-декабрында Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында “Кыргызстандын эң мыкты студенти 2024” кароо-сынагынын сыйлоо аземи өттү. Иш-чара “Кыргызстан жаштар кыймылы” тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөрдүн арасында өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери болду.
Бул жылы конкурска жалпысынан 3500 студент катышып, алардын ичинен 153 мыкты студент тандалып алынды. Тандоо процесси 10 көз карандысыз комиссиянын жардамы менен жүргүзүлдү. Комиссия мүчөлөрүнүн катарында Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева да болгон.
Жеңүүчүлөрдүн арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Муканбет кызы Сезим дагы бар. Ал “Кыргызстандын эң мыкты студенти 2024” наамына ээ болуп, диплом, төш белги, күбөлүк жана мыкты студенттердин өмүр баяны менен ийгиликтери камтылган китеп менен сыйланды.
Белгилей кетсек, “Кыргызстандын эң мыкты студенти” сыйлыгы 2021-жылдан бери уюштурулуп келет жана билимдүү жаштарды колдоо максатын көздөйт. Ушул эле жылы Муканбет кызы Сезим “КМШнын эң мыкты студенти 2024” наамына да татыктуу болгон.
Иш-чара өлкө жаштарына дем-күч берип, алардын билимин жана ийгиликтерин баалоо платформасына айланып келет.