2025-06-17


Журналистика бөлүмү окутуучусунун “Көкжал” аттуу жаңы китеби жарык көрдү


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Журналистика бөлүмүнүн окутуучусу, публицист, изилдөөчү, саясат илимдеринин кандидаты ага окутуучу Бакыт Орунбековдун “Көкжал” аттуу жаңы публицистикалык китеби жарык көрдү.

Автор бул эмгегинде соңку жылдары жазган мыкты чыгармаларын окурмандардын назарына тартуулайт. Китепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу жазылган киноповесть, Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуяларга арналган иликтөөлөр, ошондой эле кыргыз тарыхы менен тагдырлаш инсандар тууралуу очерктер камтылган.

Китеп, замандаштардын жана жаш окурмандардын тарыхый аң-сезимин тереңдетүүгө жана коомдук турмушка болгон көз карашын кеңейтүүгө багытталган эмгек катары бааланууда.