2025-11-03


Журналистика бөлүмүнүн мыкты студенттери КР президентинин стипендиясына ээ болушту


2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенттиги тарабынан өлкө боюнча эң мыкты окуган 92 студентке Президенттик стипендия тапшырылды. Бул жылы Президенттик стипендияга Кыргыз Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 2 студенти сыйланды.

 

2024–2025-окуу жылында илимий, чыгармачыл жана коомдук иштердеги жигердүү эмгеги менен айырмаланган студенттер: журналистика бөлүмүнүн студенттери Абдурасулова Жайнагүл менен Муканбет кызы Сезим.

 

Аталган студенттер атайын аземде өзгөчө Ардак грамотасы жана 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланышты.

Студенттердин ийгилиги менен сыймыктанабыз жана алдыда ийгиликтер арта берүүсүнө тилектешпиз.