2026-02-18


УТРКда жаштар үчүн семинар


Улуттук телерадиоберүү корпорациясында медиа окууларына катышуу боюнча жарыялаган кастингге 186 улан-кыз катышып, алардын 35и жеңүүчү деп табылган. Жеңүүчүлөргө УТРК семинарлар сериясын уюштурду.

Медиа адистери берген семинарлар сериясында УТРКнын өнөктөшү катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн доценти, докт. Гүлзада Станалиева кеп маданияты боюнча жаштарга семинар өттү. Анда кеп маданиятынын негиздери, стратегиялары жана практикалык көндүмдөр берилди.

Окуулардын соңунда УТРКнын башкы директор У. Сатиев жаштарга жылуу сөзүн айтып, дипломдорун тапшырды.