2026-02-18


Улуттук комиссиянын кызматкерлерине семинары өткөрүлдү


Бүгүн, 6-февралда КТМУнун коммуникация факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн атайын окутуу семинарын өткөрдү.

Семинар “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн медиа-коммуникация: интервью, комментарий, коомдук билдирүү” темасына арналды.

Иш-чара Улуттук комиссиянын кызматкерлеринин коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу байланыш жүргүзүү боюнча теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар маалымат каражаттары менен иштөө маданияты, интервью берүү ыкмалары, расмий комментарийлерди жана коомдук билдирүүлөрдү даярдоо жолдору, коомчулук менен ачык жана так коммуникация жүргүзүү принциптери боюнча маалымат алышты.

Ошондой эле практикалык тапшырмалар аткарылып, суроо-жооп форматында тажрыйба алмашуу уюштурулду. Катышуучулар реалдуу мисалдардын негизинде өздөрүнүн кесиптик байланыш көндүмдөрүн бекемдешти.

Семинар Улуттук комиссиянын кызматкерлеринин маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга, расмий билдирүүлөрдү так, түшүнүктүү жана кесиптик деңгээлде берүү жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталды.