2026-02-19
18-февралда Журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз адабиятында чагылдырылышы” аттуу семинар өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз адабиятындагы көркөм интерпретациясы төрт тарыхый этап боюнча каралып, ар бир мезгилдин идеялык-эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө кеңири талдоо жасалды. Алгачкы этапта эл акындарынын мурасындагы тарыхый күбөлүк мүнөзү баса белгиленип, Ысак Шайбеков жана Калык Акиев сыяктуу акындардын чыгармаларынын тарыхый мааниси тууралуу маалымат берилди.
1920–40-жылдардагы адабияттын көрүнүктүү үлгүлөрү катары Касымаалы Баялиновдун “Ажар” повести, Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы, Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” ыр менен жазылган романы жана “Жараланган жүрөк” повести, ошондой эле Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасы талдоого алынып, аталган чыгармаларда 1916-жыл окуясынын кандайча көркөм чечмеленгени баяндалды.
Мындан тышкары, 1960–80-жылдардагы чыгармаларда үркүндүн темасы философиялык жана психологиялык өңүттө тереңдетилип берилгени, ал эми эгемендик мезгилинде 1916-жыл окуясына улуттук эс тутум, тарыхый адилеттүүлүк жана жаңы концептуалдык көз караштар аркылуу баа бериле баштаганы белгиленди.
Семинар жандуу суроо-жооп жана талкуу менен жыйынтыкталды.
.jpeg)

.jpeg)