2026-04-15
Бишкек шаарындагы Л. В. Толстунов атындагы №12 жалпы билим берүү орто мектебинде «Окуучулар арасында киберзомбулуктун алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу» аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында уюштурулду.
Семинар журналистика бөлүмүнүн 3-курс студенттери Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова тарабынан доц., др. Ниязи Айхандын жетекчилиги астында даярдалды. Иш-чара №12 мектептин директору Гүлбарчын Үмөталиеванын колдоосу менен өткөрүлдү.
Семинар «Санариптик трансформация жана билим берүүдөгү киберзомбулук: Кыргызстандагы балдарды анализдөө» аттуу илимий изилдөөнүн негизинде уюштурулуп, анын практикалык жыйынтыгы катары ишке ашырылды. Изилдөөнүн авторлору: доц., др. Ниязи Айхан, доц., др. Эрдоган Акман жана доц. м.а., докт. Топчугул Нармаматова.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга киберзомбулуктун түрлөрү, санариптик коопсуздук эрежелери жана онлайн агрессияга каршы коргонуу ыкмалары түшүндүрүлдү. Ошондой эле «Токтот — Блокко кой — Кабарла» алгоритми тааныштырылып, интернеттеги коопсуз жүрүм-турум боюнча практикалык кеңештер берилди.
Мындай иш-чаралар окуучулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана коопсуз онлайн чөйрө түзүүгө салым кошот.
.jpeg)
.jpeg)
