2023-05-24

"Түркия Республикасынын Реклама Тарыхы" Семинары Өткөрүлдү


Орхун алмашуу программасынын алкагында университетибиздин Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнө  Эге университети Коммуникация факультетинин Реклама бөлүмүнөн конок окутуучу катары келген доц.м.а. док. Мурат Челиктин студенттерибиз үчүн семинарлар сериясы башталды. 18-май күнү Мурат Челик “Түркия Республикасынын реклама тарыхы” темасында студенттерибизге жемиштүү  семинар өткөрүп берди.