2023-05-26

TRT Haber редакторунан факультеттин студенттерине онлайн семинар


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин студенттерине Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (TRT) TRT Haber каналынын санариптик берүүлөр боюнча жооптуу редактору Огүн Өчек онлайн семинар өткөрдү.

2022-жылдын 4-октябрында Жарандык журналистика курсунун алкагында өткөрүлгөн онлайн семинарда жарандык журналистиканын тарыхый өнүгүүсү талкууланды. Жарандык журналистиканын оң жана терс жактары айтылды. Witness Journalism жана Covered Reporter түшүнүктөрү тууралуу аныктама берилди. Жарандык журналистика контекстинде социалдык медианы колдонуу жана социалдык медиа платформаларында контент өндүрүү боюнча маалымат берилди. Кейс окуялардын мисалында социалдык медианын контенти талкууланды.

Мындан тышкары, студенттер тарабынан берилген суроолорго редактор жооп берди.