2023-05-26

«Манас» гезитинин студенттеринин кайрымдуулук иш-чарасы


29-апрель күнү балдардын келечегине кайдыгер карабаган “Манас” гезитинин  студенттери “Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна” барып кайтышты. Кенже илимий кызматкер Зеки Окйай жетектеген бул иш-чара бир жагынан кайрымдуулук кылуу мүдөөсүн көздөсө, бир жагынан балдардын маанайын көтөрүү максатында уюштурулду.

Аталган борбордо 34кө жакын (4 жаштан 18 жашка чейин)  бала тарбияланат. Алар үчүн  студенттерибиз тарабынан ыр-бий коштолгон чакан концерттик программа уюштурулуп, иш-чаранын соңунда атайын балдар үчүн даярдалган белектер тартууланды.

Эскерте кетсек, “Манас” гезитинин студенттери 2021-жылдын  3-декабрында кайрымдуулук иш-чарасы менен “Януш Корчак” атындагы реабилитациялык борборго камдаган белектерин алып, балдардын ал-акыбалын сурап кайтышкан.