2023-05-26

Журналистика бөлүмүнүн студенттери Эшимканов атындагы сыйлыкты жеңип алышты


Журналистика бөлүмүнүн студенттери Эшимканов атындагы сыйлыкты жеңип алышты

Университетибиздин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Мелис Эшимканов атындагы жогорку окуу жайларынынын студенттери арасындагы кароо сынакта жеңишке ээ болушту. “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” деген темада ээсе жазууда I орунду Азиза Капар кызы, II орунду Айпери Эшенкулова ээледи. Аларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.

9-декабрда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында  чыгаан журналист Мелис Эшимкановдун 60 жылдык эскерүү кечеси болду. Ага маркум журналисттин замандаштары, кесиптештери, достору жана студенттер катышты.

Ошол эле күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд уюштурган эки сынактын жыйынтыгы чыгарылып, байгелер тапшырылды.

Жогорку окуу жайларда окуган журналистика факультеттеринин студенттери арасында жарыяланган кароо сынактын жобосуна ылайык, студенттер “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” темасында 600-700 сөздөн ашпаган эссе жазышы керек болчу. Сынактын сыйлык фонду 50 000 сомду түзгөн.  

Журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун эки студенти I жана II орунду ээлешти. Ал эми дагы бир катар студенттерибизге: Айчүрөк Кенжекулова, Жибек Мелисова Айзада Урматбек кызы, Инсан Уракунова, Сулууман Байгуттуева, Зарина Абдувалиева жана Бегайым Асылбек кызына кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Студенттерди аталган кароо сынакка журналистика бөлүмүнүн окутуучулары докт. Гүлзада Станалиева жана докт. Бакыт Орунбеков даярдашкан. 

Кыргыз эркин журналистикасына чыйыр салган журналист Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо  быйыл декабрда 60 жашка толмок. Ал жетектеген айтылуу “Асаба” гезити кийин “Агым” деген гезитке айланып, эң популярдуу гезиттердин бири болгон. М.Эшимканов 2011-жылы 49 жашында каза болгон.

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд жыл сайын журналисттер жана студенттер арасында кароо сынактарды өткөрүп келет.  

Айпери Эшенкулова

1-сүрөттө солдон онго; Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Асел Эшимканова жана журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айпери Эшенкулова,

2-сүрөттө солдон онго; Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Асел Эшимканова жана журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Азиза Капарова