2023-12-22

«Манас» гезитинен кайрымдуулук


22-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттери, аны менен катар “Манас” гезитинин жамааты кенже илимий кызматкер Зеки Окйай менен биргеликте 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата “Януш Корчак Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборуна барышты. Иш-чара кайрымдуулук кылуу жана балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

“Януш Корчак Үмүт-Надежда”  реабилитациялык борборунун тарбиячысы студенттерди мекеме менен тааныштырып, балдардын жашоо-шарты жана аларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Реабилитациялык борбордо 7 жаштан 20 жашка чейинки 40тан ашуун майыптыгы бар балдар тарбияланат.  Алар үчүн студенттер тарабынан чакан көңүл ачуучу программа уюштурулуп, атайын даярдалган белектер тартууланды.

Эске сала кетсек, “Манас” гезитинин курамы 2023-жылдын 8-декабырында кайрымдуулук иш-чарасы менен Бишкектеги “Оберег” реабилитациялык борборуна барып кайтышкан.

Кабар: Элиза Бекишова, Айгерим Маматова