2023-12-26

Коммуникация факультетинин студенти президенттик стипендияга ээ болду


Коммуникация факультети Журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алтынай Нурдинова Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген Президенттик стипендияга татыктуу деп табылды.

2023-жылдын 23-декабрында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн жаркын муундарынын катарын факультетибиздин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алтынай Нурдинова менен Гуманитардык факультети менен Экономика жана Башкаруу факультетинин эки студенти да толуктады.

Президенттик стипендия жыл сайын өлкөдөгү жогорку окуу жайларда академиялык жана социалдык ийгиликтерге жетишкен студенттерге берилет. Быйыл да ар кайсы ЖОЖдордон тандалып алынган, Президенттик стипендия алууга укуктуу болгон 75 студентке Президент тарабынан мактоо баракчасы жана 60 миң сомдун тегерегинде стипендия ыйгарылды.

Учурдан пайдаланып, бардык профессордук-окутуучулар жамаатын куттуктайбыз жана Алтынайдын мындан ары да ийгиликтерге жетише берүүсүнө тилектешпиз.