Кыргызстандык режиссер, «Манас» КТУнун студенти Сауле Муканбектованын «Үмүт» тасмасы ТРТнын «Келечектин коммуникациячылары» сынагында кыска метраждуу тасма номинациясында жеңишке жетти.
Уюштуруучулардын айтымында, сыйлык тапшыруу аземи 8-октябрда Түркияда өттү. Сынакка дүйнөнүн 130 университетинен 2618 студенттин 1702 эмгеги катышты.
Түркиянын Коомдук радио жана телевидениеси (TRT) тарабынан уюштурулган «Келечектин байланышчылары» сынагы быйыл 10-жолу өткөрүлүүдө. Жаш коммуникаторлор жана коммуникация тармагындагы студенттер катыша алышат.