2021-11-16

"Манас" университетинин ага окутуучусу, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндуков Лос-Анджелесте сыйлык алды


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинин ага окутуучусу, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндуковдун "Шамбала" аттуу тасмасы Лос-Анджелесте сыйлыка татыды. АКШнын Лос-Анджелес шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк Азия кинофестивалинде "Шамбала" көркөм тасмасы "Көрүүчүлөрдүн сынына толгон тасма" аттуу сыйлыгын алды. 

Айта кетсек, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндуковдун "Шамбала" аттуу тасмасы эл аралык бир нече кинофестивалда сыйлыктарды утуп, Кыргызстандын атынан "Оскар" киносыйлыгына көрсөтүлдү.