2025-05-14

Кыргыз кино өнөрүнүн мыктысы Артыкбай Сүйүндүковдун ысымы университеттин кинозалына берилди.


КТМУнун Коммуникация факультетиндеги кинозалга кыргыз элине кеңири таанымал, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүковдун ысымы ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүковдун ысымын ыйгаруу салтанаты үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү өтүп, ага КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак баштаган Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү тарабынан дайындалган мүчөлөр, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Режаи Доган менен профессор Камалбек Карымшаков, окутуучулар жана коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында чыгармачылык дүйнөдө өз орду бар, улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси Артыкбай Сүйүндүковдун кыргыз кино өнөрүнө кошкон салымы өзгөчө баса белгиленди. Режиссердун көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен ишке ашкан бир катар ири долбоорлор кыргыз киносунун дүйнөлүк деңгээлге чыгышына өбөлгө түзүп, өлкө маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкону белгиленди.

Көп жылдан бери университетте жаш режиссерлорду тарбиялап келген Артыкбай агай менен жалпы жамаат сыймыктанарын билдиришип, ага гүлдесте тапшырышып, ыраазычылык сөздөрүн айтышты.