2025-07-14

КТМУнун Коммуникация факультети менен WVCEA ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Коммуникация факультети менен Түштүк Кореяда жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк кесиптик жөндөмдөрдү алмашуу ассоциациясы (WVCEA) билим берүү, маданият жана илим тармактарында кеңири кызматташууну караган протоколго кол коюшту. Протокол 2025-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында өткөн расмий аземде күчүнө кирди.

Эки уюмдун ортосунда түзүлгөн бул протокол аркылуу эл аралык кызматташтыктарды чыңдоо, кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана биргелешкен маданий-академиялык иш-чараларды өткөрүү максат кылынууда. Протоколдун мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди.

Кызматташуунун алкагында биринчи кезекте кинофестивалдар, көргөзмөлөр, концерттер, семинарлар жана конференциялар сыяктуу маданий жана искусство багытындагы иш-чараларды уюштуруу пландалууда. Айрыкча Корея кинофестивалы жана KBS Daejong Awards сыяктуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды эки тараптын кызматташтыгы менен өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары, студенттер менен окутуучуларды алмашуу программалары, кесиптик өнүгүү семинарлары, мастер-класстар жана биргелешкен билим берүү долбоорлору да протоколдун мазмунуна кирет. Бул алкакта тараптар көп маданияттуу жана көп тармактуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү максат кылышат.

Протокол ошондой эле билим берүү жана медиа тармагындагы тышкы өнөктөштөрдү жана инвесторлорду аныктап, аларды процесске активдүү тартууну да камтыйт. Бул аркылуу академиялык чөйрө менен гана чектелбестен, практикалык жана тармактык колдоого негизделген күчтүү кызматташтык үлгүсүн түзүү көздөлүүдө.

Бул протокол аркылуу КТМУнун Коммуникация факультетинин эл аралык багыттагы өнүгүүсүнө салым кошулуп, студенттерге дүйнөлүк деңгээлде карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо күтүлүүдө. Ошондой эле бул кызматташтыктын эки уюмдун гана эмес, Кыргызыстан, Түркия жана Түштүк Кореянын ортосундагы маданий жана академиялык байланышты бекемдөөгө өбөлгө болору болжолдонууда.