2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкө боюнча эң мыкты окуган 92 студентке Президенттик стипендия тапшырылды. Бул жылы Президенттик стипендия менен коммуникация факультетинин 4 студенти сыйланды.
2024–2025-окуу жылында илимий, чыгармачыл жана коомдук иштердеги жигердүү эмгеги менен айырмаланган студенттер: журналистика бөлүмүнүн студенттери Абдурасулова Жайнагүл менен Муканбет кызы Сезим, радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери Сабырбеков Төлөгөн менен Субанова Айана.
Аталган студенттер атайын аземде өзгөчө Ардак грамотасы жана 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланышты.
Студенттердин ийгилиги менен сыймыктанабыз жана алдыда ийгиликтер арта берүүсүнө тилектешпиз.


