3-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде студенттердин санариптик медианы колдонушу жана анын психосоциалдык таасирлери тууралуу семинар болду. Иш-чара Бедир Эроглу тарабынан өткөрүлүп, доцент доктор Ниязи Айхан жетекчилигинде даярдалган докторлук диссертациянын алкагында уюштурулду.
«Социалдык медиа көз карандылыгы жана жалгыздык: Кыргызстандын университет жаштары боюнча изилдөө» аталышындагы семинарда дүйнөлүк деңгээлде студенттердин социалдык медианы колдонуу адаттарына байланыштуу актуалдуу статистикалык маалыматтар катышуучуларга сунушталды.
Семинарда Кыргызстандын бардык аймактарында 2600дөн ашуун үлгү менен жүргүзүлгөн кеңири талаа изилдөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттердин арасында социалдык медиа көз карандылыгы менен жалгыздыктын ортосундагы байланыш боюнча чыккан негизги жыйынтыктар көрсөтүлдү.
Эроглу докторлук диссертациянын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизги максаты — Кыргызстандын студенттердин арасында социалдык медиа көз карандылыгы менен жалгыздык ортосундагы байланыштын деңгээлин, багытын жана аныктоочу факторлорун аныктоо экенин белгиледи.