2026-02-26

КТМУда Коммуникация факультетинде “Балким, бир күн сураармын” даректүү тасмасы көрсөтүлдү


2026-жылдын 25-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде режиссер Гүлжан Ирештин “Балким, бир күн сураармын” аттуу даректүү фильминин көрсөтүлүшү болуп өттү. Көрсөтүүдөн кийин режиссердун катышуусунда суроо-жооп форматындагы жолугушуу уюштурулду.

Аутизм темасын камтыган даректүү тасма өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн башынан өткөргөн социалдык көйгөйлөрүнө көңүл бурат. Фильмде үй-бүлөдөгү ынтымак, өз ара колдоо жана коомдук аң-сезимди жогорулатуу маселелери өзгөчө орун алган.

Режиссер Гүлжан Иреш жолугушуу учурунда Кыргызстанда аутизм менен жашаган балдары бар айрым үй-бүлөлөр узак убакыт бою коомдук жашоодон обочолонуп келгенин белгиледи. Анын айтымында, фильм аркылуу бул маселе боюнча коомчулукта түшүнүк жана сезимталдык жаратуу максат кылынган. Ошондой эле тасма үй-бүлөлөрдөн жана көрүүчүлөрдөн оң пикирлерди алганын кошумчалады.

Сыйлыктарга татыган даректүү тасма

“Балким, бир күн сураармын” тасмасы XIII КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузия мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалында “Мыкты фильм – 2024” сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле ал Бир Дүйнө эл аралык кинофестивалынын ачылыш тасмасы катары көрсөтүлгөн. VIII Борбор Азия аял-режиссерлорунун кинофорумунда атайын көрсөтүлүп, Unico Play платформасынын калыстар тобунун атайын сыйлыгына да татыган.

Иш-чара студенттердин даректүү кино жана өзгөчө муктаждыгы бар балдардын коомго интеграцияланышы боюнча суроолору менен жыйынтыкталды.