2026-03-28

КТМУнун коммуникация факультетинде Туруктуу өнүгүү коммуникациялары кеңири илимий чөйрөдө талкууланды


Кыргыз-Түрк «Манас» (КТМУ)  университетинин коммуникация факультетинде 2026-жылдын 26-мартында туруктуу өнүгүү коммуникациялары боюнча аймактык жана эл аралык деңгээлдеги “Туруктуу өнүгүү коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик" аттуу эл аларык студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

Атаган конференция Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен кызматташтыкта уюштурулган “Жоогазын” фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Илимий иш-чара жашыл экономика, медиа, жарнама, журналистика жана социалдык жоопкерчилик маселелерине багытталды. КТМУнун коммуникация факультетинде аталган конференция КУУнун “Жоогазын” фестивалынын негизинде үч жылдан бери өткөрүлүп, студенттердин туруктуу эл аралык академиялык аянтчасына айланды.

Аталган конференцияда коммуникация илимдеринин заманбап өзгөрүүлөрү, экологиялык кризистер, медианын чагылдырышы, корпоративдик жоопкерчилик, санариптик байланыш жана "жашыл бренд" түзүү өңдүү темалар каралды. Илимий иш-чарага Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан 72 студент катышып, өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Коммуникация илиминен туруктуу келечекке карата көп катмарлуу мамиле

Конференцияда туруктуулук маселеси бир гана экономика же экологиялык саясат менен чектелбестен, коомдук пикирди калыптандыруу, медиа-дискурс жана социалдык ишеним менен түздөн-түз байланышкан татаал коммуникациялык процесс катары бааланды.

КТМУнун коммуникация факультетинде төрт секцияда жүргөн бул иш-чара жаш изилдөөчүлөргө климаттык кризис, экологиялык жоопкерчилик, социалдык адилеттүүлүк, медиа этикасы, жарнама стратегиялары жана санариптик коомдук чөйрө сыяктуу актуалдуу темалар ар тараптуу илимий өңүттөн талкууланды. 

Стратегиялык коммуникация, ESG жана корпоративдик жоопкерчилик талкуулары

Конференциянын биринчи отуруму “Туруктуу өнүгүүдөгү стратегиялык PR жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик” деген аталышта өттү. Отурумда  туруктуулук — мекеме-уюмдар үчүн жөн гана этикалык ураан эмес, бул кадыр-баркты башкаруунун, коомдук ишенимди бекемдөөнүн жана стратегиялык коммуникация процесстеринин өзөгүн түзгөн тармакка айланганын көрсөттү.

Жыйында ESG-коммуникацияларынын натыйжалуулугу, жашыл каржылоо ыкмалары, социалдык долбоорлор жана каатчылык учурундагы байланыш стратегиялары деталдуу талданды. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын керектөөчүлөрдү жоопкерчиликтүү болууга үндөөдөгү ролу жана банк тармагында туруктуу өнүгүү маселелеринин чагылдырылышы талкууланды.

Муну менен катар, deepfake технологияларынын маалымат коопсуздугуна тийгизген таасири, жасалма интеллектти иш кагаздарында жана башкарууда колдонуу, ошондой эле корпоративдик байланышта эне тилдин маанилүүлүгү сыяктуу актуалдуу темалар талкуунун деңгээлин тереңдетти. Отурумдун жыйынтыгында, бизнес чөйрөсүндө туруктуулук деген түшүнүк — бул жөн гана сырткы имидж эмес, биринчи кезекте этикалык нормаларга, ачык-айкындуулукка жана жоопкерчиликке таянышы керектиги баса белгиленди.

Жашыл экономика доорунда жарнама жана брендинг

“Жашыл экономика алкагында жарнама жана бренд түзүү” деп аталган экинчи отурумда жарнама жана бренддик байланыштардын экологиялык сезимталдыкка, керектөө маданиятына жана коомдук пикирге тийгизген таасири талкууланды.

Талкууда Greenwashing (экологиялык имиджди жасалма түзүү) аракеттери, «Жашыл бренд» түзүү стратегиялары, социалдык тармактагы блогерлердин (контент жаратуучулардын) жоопкерчилиги, санариптик платформаларда экологиялык мазмундагы маалыматтардын жайылышы өңүтүндөгү негизги темалар өзгөчө орун алды. Ошондой эле, товардын сырткы көрүнүшүнүн керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумуна тийгизген таасири жана экологиялык билдирүүлөрдүн жарнама тили аркылуу кайрадан берилиши каралды. Бул талдоолор туруктуу өнүгүү идеялары азыркы рынок шарттарында канчалык деңгээлде чынчыл жана натыйжалуу колдонулуп жаткандыгын сын көз караш менен баалоого мүмкүндүк берди.

Медиа жана журналистикада туруктуулук күн тартиби

Үчүнчү отурум «Туруктуу өнүгүүдөгү медиа жана журналистика: экология, коом жана жоопкерчилик» деген аталышта өттү. Анда туруктуулук маселелеринин медиа айдыңында кандайча чагылдырылып жатканы жана бул процессте журналистиканын коомдук ролу ар тараптуу талданды. Климаттын өзгөрүшүнүн медиадагы көрүнүшү, санариптик платформаларда экологиялык күн тартибин калыптандыруу, туруктуу өнүгүү журналистикасы жана экологиялык чечендик (реторика), подкасттар аркылуу коомдук көйгөйлөрдү чагылдыруу темалары талкууланды.

Мындан сырткары, экологиялык багыттагы бейөкмөт уюмдардын медиадагы көрүнүктүүлүгү, интернет аркылуу коомдук талкууга катышуу куралдары жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын медиа аркылуу коомчулукка жайылтуу маселелери да  каралды. Бул өңүттөн алганда, медиа — коомдук аң-сезимди ойготуучу жана экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруучу негизги чөйрө катары бааланды.

Борбор Азия медиасындагы "Улуу Алтай" образы жана аймактык маанилер дүйнөсү

Конференциянын төртүнчү отуруму «Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиасында Улуу Алтай образы» деген аталышта өтүп, туруктуу өнүгүү коммуникацияларына маданий жана аймактык өңүттөн жаңыча көз караш кошту.

Илимий баяндамаларда "Улуу Алтай" географиясынын ар кайсы өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында чагылдырылышы салыштырмалуу түрдө изилденди. Ошондой эле жаңы медианын символикалык капиталды калыптандыруудагы ролу жана санариптик платформалардын маалыматтык экосистемага тийгизген таасири талданды. Андан сырткары, Telegram каналдарынын маалымат таркатуудагы орду, экологиялык көйгөйлөрдүн медиада берилиши, аял журналисттердин коомдогу ролу жана ыктыярчылык ишмердүүлүктүн коммуникациялык багыттары талкууланган темалардын катарын толуктады.

Бул отурум туруктуу өнүгүү боюнча талаш-тартыштар бир гана экологиялык жана экономикалык алкак менен чектелбестен, маданий баяндар, жамааттык эс-тутум жана медиадагы образдар аркылуу калыптанарын айгын көрсөттү.

Жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий тажрыйба алмашуу аянтчасы

Конференция ар кайсы университеттердин студенттеринин башын бириктирип, аймактык деңгээлдеги илимий байланыштарды чыңдады. Ош мамлекеттик университети, "Ала-Тоо" эл аралык университети, Кожо Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети жана Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети баштаган бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү туруктуу өнүгүүгө багытталган коммуникациялык изилдөөлөрдүн ар кыл тармактарын ортого салышты.

Аймактык илимий тармак жана «Жоогазын» фестивалы

Бул иш-чара 2017-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Жоогазын» улуттук жарнама жана PR фестивалынын алкагында уюштурулду. Фестивалдын башкы максаты — жарнама, коомчулук менен байланыш (PR), маркетинг жана журналистика тармактарында тажрыйбалуу адистерди даярдоо болуп саналат. Ошондой эле катышуучулар арасында тажрыйба алмашууну стимулдаштырып, студенттер менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат.

Илимий жана институционалдык туруктуулук

Аталган конференция факультеттин эл аралык илимий иш-чаралардагы туруктуу ордун жана илимдин өнүгүшүнө кошуп жаткан салымын ачык көрсөтөт.

Туруктуу өнүгүү, медиа этикасы, социалдык жоопкерчилик жана санариптик коммуникация сыяктуу темалардын жаш изилдөөчүлөр тарабынан кеңири талданышы — бул тармактын келечеги этикалык баалуулуктарга жана жоопкерчиликке негизделерин кабарлайт. Бул жагынан алганда, конференция илимий билим менен коомдук жоопкерчилик айкалышкан маанилүү платформа катары өзгөчө мааниге ээ.